Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Батыровдун мүлкүн коогада жабыркагандарга берүү талабы коюлду


Кадыржан Батыровдун улутташтырылган объектилеринин катарындагы эс алуу жайларынын бирин Июнь окуясында жабыркагандардын балдары эс ала турган жай кылып колдонуу талабы бүгүн Сузак районунда өткөн эскерүү иш-чарасында айтылды. Мындан сырткары Батыровдун турак жайын Бакиевдерге өткөрүүдө бийлик бут тосуп, анын мүлкүн коргоп жатат деген пикирлер да айтылды.

Мындан улам алар бийликти туура саясат алып барууга чакырышты.

Июнь окуясына күнөлүү деп табылган Кадыржан Батыровдун 28 объектиси мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Өткөн айда анын турак жайын сот аткаруучулар Бакиевдерге өткөрүп берген.

Бирок облустук прокуратура кылмыш иш козгоп, бул жараянды азырынча токтотуп койду. (RsK)

XS
SM
MD
LG