Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Токойлорду сактоого 16 млн доллар бөлүнөт


Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын токойлорун сактоого каражат бөлөт. Бүгүн Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы комитети кыргыз өкмөтү менен аталган уюмдун ортосунда кабыл алынган макулдашууну жактырды.

Токой экосистемаларын интеграциялык башкаруу долбоору алкагында 16 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүү каралган.

Анын ичинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 6,6 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя, ал эми Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5,4 млн доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын жалпы аянтынын 5,8% - токойлор. (RK)

XS
SM
MD
LG