Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Париж: демонстранттар полиция менен кагылышты


Париж.
Париж.

Парижде Эмгек кодексин өзгөртүүгө каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан жабыркагандардын саны 40ка жетти. Анын 29у полиция кызматкери. Буга чейин 26 адам жаракат алганы кабарланган эле. Маалыматка караганда, 60ка жакын адам камакка алынды. Жалпысынан нааразылыкка 75 миңге чукул адам катышкан. Демонстранттар Париждин түштүк-чыгышынан тартып майыптар үйүнүн алдындагы аянтка чейин жөө жүрүш уюштурушкан.

Шаардын түштүгүндө акциянын беткап кийген жүздөгөн катышуучулары полицияга таш ыргытышкандан кийин аларга каршы суу чачуучу техника колдонулду.

Акцияга чыккандар өкмөттөн жумушчуларды ишке алуу жана кетирүү жоболору жеңилдетилген жаңы Эмгек мыйзамын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Кагылышуулар Францияда футбол боюнча Европа чемпиондугу өтүп жаткан маалга туш келди. Мындан мурда өлкөдө футбол фанаттарынын мушташы орун алган. Нааразылыктарга байланыштуу Париждин Эйфел мунарасы жабылып, бир катар транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бул көрүнүш миңдеген футбол фанаттарынын Францияга барышын кыйындатканы кабарланды.

Полиция менен тирешүү учурунда акциянын катышуучулары май куюучу станцияларга кеткен жолдорду тосуп алышкандыктан, бүткүл өлкө боюнча күйүүчү май тартыштыгы жаралды.

XS
SM
MD
LG