Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Рим Папасы Кыргызстанга туруктуу өнүгүү каалады


Рим Папасы Франциск Кыргызстанга гүлдөп өсүү, тынчтык жана туруктуу өнүгүү каалады. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын бул күндөрү Рим шаарында өтүп жаткан жыйынына катышып, понтифик менен жолукканда ал өз каалоо-тилегин айтканын мекеменин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.

БУУнун дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын аткаруу комитетинин XXI сессиясы бул жолу Рим Папасынын кайрылуусу менен башталды. Франциск дүйнө өлкөлөрүн ачарчылыкка чечкиндүү каршылык көрсөтүүгө үндөдү.

Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, учурда БУУнун аталган программасынын жардамы менен Кыргызстанда 2014-2017-жылдарга эсептелген долбоору ишке ашырылууда. Ал боюнча аз камсыз болгон 330 миң жаранга өзүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга шарт түзүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG