Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Баткенде чек ара коопсуздугу талкууланууда


Баткенде кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларындагы абал талкууланууда. Чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев бүгүнтөн тарта облустагы чек ара аймактарын кыдырып жатканын мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү жергиликтүү жетекчилердин коштоосунда ал ашууларды учак менен үстүнөн текшерип, коңшу өлкөлөргө чектеш жерлердеги шарты оор жолдорду изилдейт.

Эки күндүк иш сапардын жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери, күч түзүмдөрү менен бирге координациялык кеңешме өткөрүлөт.

Кыргызстан төрт өлкө менен чектешет. Алар - Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан. (RK)

XS
SM
MD
LG