Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Нарбаев: Самаковдун жери боюнча мага эч ким басым жасаган эмес


Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн Карганбек Самаковдун соту уланды. Күбө катары суралган Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Каныбек Нарбаев Лебединовка, Байтик жана Кара-Жыгач айылдарынын жерин трансформациялоо тууралуу документтер 2008-жылы каралганын айтты. Нарбаевдин билдиргенине караганда, бул жараян учурунда одоно мыйзам бузуу фактылары болгон эмес.

"Баары регламентке жараша жүргөн. Самаков да, Чудинов да, Бакиевдер да мага чечим кабыл алууда басым жасаган эмес" деди ал.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иш былтыр 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген. Ал айыпсыз экенин айтып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG