Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Жумабеков: Сарпашев 1,5 млн доллар пара боюнча түшүндүрмө берсин


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Мамкаттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 1,5 млн доллар пара тууралуу билдирүүсүнө түшүндүрмө бериши керек. Мындай талап бүгүн парламентте коюлду.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков:

- Сарпашев Жогорку Кеңештин бир фракциясынын жыйынында "2015-жылдагы шайлоо учурунда бир партия биометриялык маалыматтардын базасын сындырып бериш үчүн мага 1,5 миллион доллар сунуш кылды, бирок мен макул болбой койдум" деп ачыгын айтты. Бизде мамлекеттик кызмат, этика жөнүндө мыйзамдар бар. Кайсы партия сунуш кылганын айтып берсин. Жоопко тарталы. Бул коррупциянын туу чокусу, - деди.

Мамкаттоо кызматы депутаттын бул билдирүүсүнө байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Былтыр Кыргызстанда парламенттик шайлоо алгачкы жолу биометрикалык каттоонун негизинде өткөн. 14 партия ат салышып, 5 уткан. (RK)

XS
SM
MD
LG