Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

ӨКМ: Нарын жана Ысык-Көлдө абал кооптуу бойдон калууда


Соңку күндөрдөгү нөшөр жаанга байланыштуу Нарын жана Ысык-Көл облустарында кооптуу абал дале сакталууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, Чүй жана Баткен облустары да көңүл борборунда:

- Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым жерлерде турак жайларга, жолдорго жана көпүрөлөргө коркунуч жаратты. Министрликтин жетекчилиги жер-жерлерде. Тагыраак айтканда, министр Кубатбек Боронов азыр Нарын облусунда жүрөт. Орун басарлары Ысык-Көл, Баткен, Чүй облустарында кырсыктарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатышат.

ӨКМдин маалыматына караганда, кечээ кечинде көпчүлүк аймактарда катуу жаан жаады. Токмок жакта шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге жетти.

Адам өмүрүнө же ден соолугуна зыян тийген учур катталган жок.

15-17-июнга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү тараткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG