Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Ысык-Көл: Пансионаттардын 60% эс алуучуларды кабыл алууга даяр


Kyrgyzstan -- Issyk-Kul, salt Lake, 6 August 2015
Kyrgyzstan -- Issyk-Kul, salt Lake, 6 August 2015

Ысык-Көлдө пансионаттардын 60 пайызы туристтерди кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча башкармалыгынын жетекчиси Талант Борочоров бүгүн "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, жалпы 155 пансионат болсо ошонун 60% буга чейинки текшерүүлөрдө бардык шарттары туура келип, туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ала алышкан. Калган пансионаттарга 1-июлга чейин убакыт берилген.

- Ага чейин да эскертүү берилген жактарын оңдоп, түзөөдөн өткөрүшпөсө быйыл иштей алышпайт, - дейт адис.

Ал эми быйыл үч пансионат бардык жагынан шарты жогунан иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.(AsM)

XS
SM
MD
LG