Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Паспортко улутун жазбоо сунушу сынга кабылууда


Паспорт.
Паспорт.

Бир катар саясий уюмдардын өкүлдөрү паспортко улутту жазбоо демилгесине каршылык билдирүүдө. 16-июнда " Кыргызстан элдеринин конгресси", “Эл бийлиги” партияларынын, "Кыргыз Эл Биримдиги" коомдук кыймылынын жетекчилери бул сунушту четке кагууга бийликти чакырышты.

Укук илимдеринин доктору, “Эл бийлиги” партиясынын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев бул аракет улуттук биримдикти бекемдейт деген жүйө менен макул эмес:

-“Улуту” деген жазууну алып койсок коомдо ажырым чыкпайт деп айтууга болбойт. Бул мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн улут маселеси боюнча саясатынын жоктугун далилдеп койду. Коомдогу ажырым социалдык адилетсиздиктен, саясий системадагы коррупциядан, маданияттагы маңкурттуктан жана улуттук идеологиянын жоктугунан пайда болуп жатат.

Жарандын улуту көрсөтүлбөй турган паспорттун жаңы үлгүсү боюнча долбоорду Мамлекеттик каттоо кызматы сунуштаган. Мекеме жетекчиси Тайырбек Сарпашев паспорттогу “бешинчи графаны” алып салуу жарандык биримдикти бекемдөөгө багытталганын маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG