Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Шайлоодо добуш сатып алууга каршы жаза катаалдайт


Добуш сатуу.
Добуш сатуу.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш сатып алгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоор даярдап жатат. БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, долбоор ушул күздө парламенттин талкуусуна коюлат:

-Биз аймактык комиссиянын ичиндеги мыйзам бузууларды негизинен токтоттук да. Азыр участканын сыртындагы мыйзам бузуулар калды. Добуш сатып алуу чынында эле көп жерде болду, аны элдин баары көрдү. Биз кышка чейин Жогорку Кеңешке мыйзам киргизебиз. Анда эгер добуш сатып алуу болгонун далилдесек анда ошол партияны же талапкерди тизмеден чыгарып кое алгыдай болобуз. Азыркы мыйзам менен мындай кылуу өтө кыйын.

Былтыркы парламенттик жана андан кийинки жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо көз карандысыз байкоочулар добуш сатып алуу өңдүү ыплас ыакмалар кеңири колдонулганын айтып чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG