Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Рыспаев: "Азаттыктын" жабылышын каалабайбыз


Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

"Биз, депутаттар "Азаттыктын" кетишин каалабайбыз, ошол себептен демилгелеген мыйзам долбоорубуздун айрым пункттарын кайра карап чыгуу үчүн кошумча убакыт сурадык" деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, демилгенин авторлорунун бири Кожобек Рыспаев:

- Телеканалдарга гана тиешелүү болот. "Азаттыкка" байланышы жок болот. Башынан жакшылап изилдедик, ошон үчүн кечээ чийки болуп калды деп чакыртып алгам. Туура түшүнгүлө, телеканалдарга олигархтар келип алып, 100% алып алса кооптуу да.

Депутаттын айтуусунда, учурда мыйзам долбоору кайра иштелип жатат. Анда Кыргызстандын жарандары жана уюмдары телеканалдын акцияларынын 65 пайыздан кем эмес үлүшүнө ээ болуусу, ал эми чет элдиктердики 35 пайыздан ашпашы керек деп жазылганы жатат.

"Социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, телеберүүнүн таасири 90% жогору. Байланыш агенттигинен лицензия алган кабелдик операторлордун саны учурда 19ду түзөт. Ар бир санарип пакетте 200 телеканал болгон күндө алардын саны 4 миңден ашуусу ыктымал. Телеканалдардын жетекчилери өз элинин алдында жоопкерчилик сезе тургандай кылышыбыз керек" дейт Кожобек Рыспаев.

Жогорку Кеңештеги КСДПчы депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов жана "Республика Ата-Журттан" Таабалды Тиллаев менен Жыргалбек Турускулов Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатышат.

Кечээ мыйзам долбоору жалпы жыйында биринчи окууда каралмак, бирок Рыспаев ал чала болуп жатканын айтып күн тартибинен алдырып салган. Бүгүн "Республика Ата-Журт" фракциясында талкууланмак, авторлор келбей калганына байланыштуу каралбай калды.

Айрым медиасерепчи, юристттер мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынганын, эгер демилге колдоо тапса "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал экенин айтууда.

Укук коргоочулар депутаттардын демилгесине каршылык билдирип, кечээ Ак үй алдында пикет өткөргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG