Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:34

Хоженттеги түрмөдөн качкан үчүнчү кылмышкер да жок кылынды


Рамзуллох Дадаханов.
Рамзуллох Дадаханов.

Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдөн 17-июнда качып кеткен үч кылмышкердин бири, изин жашырып жүргөн Рамзуллох Дадаханов да жок кылынды. Ал ишемби күнү Хожент шаарында жакын жерде милициянын огуна учканы расмий кабарланды.

17-июнда Хожент шаарындагы түрмөдөн оор кылмыштар менен камалган үч адам кароолду бычактап, качып чыгышкан. Алардын бири ошол эле күнү милиция аткан октон мерт кеткен, экинчиси жарадар болуп кармалган. Үчүнчүсү изин жашырууга үлгүргөн эле.

Бул окуяга байланыштуу кыргыз тарап да чек араны кайтарууну бекемдеп, Баткендеги милиция кызматкерлери кылмышкерди Кыргызстандын аймагынан издөө иштерине жардам берип жаткан. (SE)

XS
SM
MD
LG