Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Эксперттер ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылышат


Бүгүн Бишкекте журналисттер жана медиа эксперттерден турган демилгелүү топ жыйын уюштуруп, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулашат. “Плаза” отелинде өтчү жыйынга демилгечилер, парламенттеги фракциялардын жетекчилери, комитеттердин өкүлдөрү чакырылды. Уюштуруучулар депутаттардан аталган мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы коюшат.

10-июнда Жогорку Кеңештин төрт депутаты аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырган. Мыйзамга ылайык, Жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган.

16-июнда документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине киргизилип, бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде кийинкиге калтырышкан.

Активисттер мыйзам долбооруна каршы пикет уюштуруп, чакыртып алуу талабы менен кол топтоону башташкан. (SE)

XS
SM
MD
LG