Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

ЖК комитети өкмөт түзүмүн өзгөртүүнү талкуулоодо


Кыргызстан өкмөтү.
Кыргызстан өкмөтү.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баяндама жасоодо. Анын айтымында, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин базасында Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет түзүү, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функциясын кеңейтүү, Байланыш агенттиги менен Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигин түзүү зарыл.

Экономика, транспорт жана байланыш министрликтеринин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Геология, минералдык ресурстар агенттигинин функцияларын кайра түзүү жана кыскартуу сунушталууда. Ал эми Экотехинспекциянын укуктарын кеңейтүү каралган.

Өкмөт сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кошумча каражатты жана кызмат орундарын ачууну талап кылбай турганын белгилейт.

Кыргызстанда 11 министрлик, 2 комитет, 8 агенттик, 11 кызмат жана 6 фонд, инспекция бар. (NT)

XS
SM
MD
LG