Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:21

ЖМК мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы коюлду


Журналисттердин мыйзам долбоорун талкуулоосу.
Журналисттердин мыйзам долбоорун талкуулоосу.

Бишкекте "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча талкуу аяктады. Анда бул демилге кескин сынга алынып, журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер депутаттардан аталган мыйзам долбоорун артка кайтарып, чакыртып алууну талап кылышты. Сунушталган өзгөртүүлөргө каршы резолюция кабыл алынды.

Бүгүнкү жыйынга мыйзам долбоорунун демилгечилери, парламенттеги фракциялардын жетекчилери, комитеттердин өкүлдөрү да чакырылган. Бирок, мыйзам долбоорунун демилгечилери, фракция жетекчилери жыйынга келген жок. Депутаттардан КСДП фракциясынан өкүлү Жанар Акаев гана катышып, өзгөртүүлөрдү колдобой турганын билдирди.

Эл өкүлдөрү Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган. Бул cунуш сөз эркиндигин чектейт деген катуу сынга алынууда. (NT)

XS
SM
MD
LG