Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларды 2017-жылдын январына чейин узартты. 21-июнда, Брюсселде биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери ушундай чечим кабыл алышты.
Санкциялар Орусия Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн 2014-жылдын июнь-июль айларында киргизилген.
Ошондон бери ар алты ай сайын узартылып келет. Биримдик Орусия Крымды кайтарып, жикчилдерди колдоону токтотмоюн санкциялар алынбасын айтууда.
Дипломаттардын чечимин кийинки жумада Биримдиктеги өлкө лидерлери бекитиши керек.