Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда өттү


"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага каттоодон өткөн 109 депутаттын 79у макул, 30у каршы добуш беришти.

Депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова ЖМК мыйзамын өзгөртүү сунушун парламенттин бүгүнкү жыйынына коюу менен Жогорку Кеңештин регламенти бузулганын айтышып, эрежеге ылайык коомдук угуу өткөрүүнү сунушташты. Регламент боюнча мындай талаш-тартыш учурунда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлушу керек болчу. Спикер Чыныбай Турсунбеков регламент сакталышы керектигин айтканы менен бардык фракциялар бул эрежени сакташы керектигин белгилеп, «Ата Мекен» жана ""Республика-Ата-Журт" фракциялары нике жана депутаттык жеңилдиктер тууралуу мыйзам долбоорлорун кайра добушка коюп, регламент бузулганын эске салды. Эл өкүлү Жанар Акаев мыйзам долбоорун шашып кабыл алуунун зарылдыгы жоктугун, талкууну жылдырууну сунуштап, бирок спикер аны да жоопсуз калтырды.

Депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстандын жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган болчу. Бүгүн Кожобек Рыспаев "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбоорунун "Азаттык", "Би-Би-Си" радиосуна тиешеси жоктугун, оңдолгондон кийин анын концепциясы өзгөрбөгөнүн, документтин телеканалдарга гана тиешеси бардыгын белгиледи. Телеканалдарды негиздөө укугунун 65 пайызы Кыргызстандын, 35и чет элдик жарандар акылуу деген түзөтүү киргизилгенин кошумчалады.

Бул cунуш сөз эркиндигин чектей турганы белгиленип, жарандык коомдун катуу сынына кабылууда.

16-июнда документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине киргизилип, бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде кийинкиге калтырышкан. Бир катар байкоочулар бул демилге колдоо тапса, "Азаттык" радиосу жабылышы мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Укук коргоочулар "Азаттыкты" колдоп пикет өткөрүшүп, мыйзам долбооруна каршы кол топтоп жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG