Алдын ала сурамжылоолорго караганда, жарандардын жарымынан ашууну Евробиримдикте калууну жактоодо.
Биримдиктен чыгууну жактаган евроскептиктер өлкөгө иммигранттардын агымы көбөйгөндөн келип чыккан көйгөйдү жүйө келтиришүүдө.
Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон Евробиримдиктен чыгуу британ экономикасына жана улуттук коопсуздугуна залал келтирерин айткан. Андан тышкары, жумушсуздар саны, баалар өсүп, союздаштар азаярын белгилеген.
23-июндагы референдум Бириккен королдуктагылар үчүн акыркы жылдардагы үчүнчү ири тандоо. Буга чейин 1975-жылы британдыктар Европа экономикалык биримдигине кирүүнү жактап добуш берген. 2011-жылы улуттук шайлоо системасы боюнча референдум өткөн.