Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

Германия: Анкара немис делегациясынын Инжирликке сапарын токтотту


Германиянын Инжирликтеги аба базасы.
Германиянын Инжирликтеги аба базасы.

Германия бийлиги Анкара Инжирликтеги аба базасына немис делегациясынын баруусуна уруксат бербей жатканын билдирди. Аталган база Германия армиясына таандык.

ГФРдин Коргоо министрлиги билдиргендей, вице-премьер министрдин жана бир катар депутаттардын июлда аталган базага пландаган иш-сапары белгисиз себеп менен токтотулган. Өкмөт өкүлү бул жөнүндө парламентте билдирип, Анкаранын бул кадамына Германияда Осмон империясынын армяндарга кол салуусу боюнча чыгарган чечими себеп болушу ыктымалдыгын белгиледи. Немис парламенти өткөн айда кабыл алынган мыйзамга ылайык Осмон империясы армяндарга карата геноцид уюштурган деп табылган.

Түрк бийлиги бул жаатта эч кандай комментарий бере элек.

Инжирлик аймагындагы аба базасында 250 немис аскери бар. Алар “Ислам мамлекети” террор тобуна каршы АКШ башында турган эл аралык коалициянын аба соккуларына катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG