Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Ооганстанда Пакистанга каршы нааразылык акция өттү


Ооганстан.
Ооганстан.

Жүздөгөн оогандыктар эки өлкө ортосундагы чек ара жаңжалынан кийинки абалдын курчушуна Пакистанды айыптап, Кабулдагы парктардын бирине чогулушту.

Саясатчылар жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Пакистанды Ооганстанга жарыялабай туруп согуш ачты деп сындашты.

Алар АКШны коопсуздук боюнча эки тараптуу келишимдин алкагында Ооганстанды колдоого чакырышты.

Өткөн жумада Пакистан Ооган тараптан кирүүнү каалаган жоочулардын жолун тосмок болуп, Торхам өтмөгүндө чек ара көзөмөлүн күчөткөн. Бул Ооганстандын нааразылыгын жаратып, тараптар атыша кетишкен. Андан кеминде төрт чек арачы окко учуп, миңдеген адамдар жана унаалар жабылган чек арада шыкалып турушат.

Ооганстан талаштуу жер деп, Пакистандын аймакка көзөмөл-өткөрүү пунктун куруусуна да каршы болуп келет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG