Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:44

"Кумтөр" боюнча кылмыш иши кайра иликтене баштады


Кумтөр
Кумтөр

Президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура "Кумтөр" долбоору боюнча келишим түзүүдөгү жемкордук фактыларына байланыштуу козголгон кылмыш ишин иликтөөнү кайра баштады.

Бул боюнча мурдагы премьер-министр Николай Танаев, экс-президенттин уулу Айдар Акаев, мурдагы тышкы соода жана өнөр жай министри Жээнбеков, өкмөттүн эксперттик тобунун өкүлдөрү Төрөмырзаев, Белковская, ошондой эле канадалык «Камеко Голд Инк», «Центера Голд Инк» компанияларынын мурунку президенти Хоменюкка коррупция беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.

Азыр аларды издөө иштери күчөтүлүп, табуу жана Кыргызстанга кайтаруу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматка караганда, жемкордук кылмыштарынын дүйнөлүк масштабын эске алуу менен эл аралык келишимдердеги эрежелерди колдонуу иштери да жүрүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG