Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Германияда кишилерди барымтага алган адам жок кылынды


Германия.
Германия.

Германиянын Фирнхайм шаарындагы кинотеатрда кишилерди барымтага алган адам жок кылынды. Ал имаратты курчоого алган полициянын огунан көз жумганын жергиликтүү булактар кабарлады. Барымтага түшкөн кишилер арасында жарадар болгондор жок. Бирок куткаруу операциясы учурунда көздөн жаш чыгарчу газдан жабыркагандар бар экенин Ички иштер министрлиги билдирди.

23-июнь күнү куралчан адам 20дан ашуун кишини барымтага алган. Бирок ал эмне үчүн мындай кадамга барганы белгисиз. Күч органдары ал кай бир экстремисттик топко байланыштуу эместигин айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG