Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:42

Ош: "Тазалык" ишканасынын жумушчуларына сүт бериле баштады


Ош.
Ош.

"Ош тазалык" ишканасынын жумушчуларына күн сайын 200 граммдан сүт берилип жатат. Буга чейин аларга аткарган иштеринин зыяндуулугу үчүн кошумча акча төлөнүп келген. Аталган мекеменин жетекчиси Талант Капаровдун айтуусунда, ширетүүчү, айдоочу, жүктөөчүлөр жана таштанды талаасын караган жумушчулар оор иштерди жасап, саламаттыгына да терс таасир этүүдө.

Эмгек кодексине ылайык, зыяндуу жумуштар категориясында турган жумушчуларга сүт берилиши керек. Бирок буга чейин бул талап аткарылган эмес.

"Ош тазалык" ишканасында жалпы 450 жумушчу иштейт. (NT/ErN)

XS
SM
MD
LG