Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Британияда референдумду кайра өткөрүү талабы көтөрүлдү


Лондон
Лондон

Британиянын Европа биримдигинен чыгуусуна байланышкан референдумга каршы дагы бир референдум өткөрүү талабына кол койгондор саны бир миллиондон ашканын Би-би-си маалымдады. Британ мыйзамдары боюнча кандайдыр бир талапка жүз миңден ашык киши кол койсо, өкмөт аны кайра карап чыгышы керек.

Уильям Оливер Хэйли тарабынан демилгеленген петиция бейшемби күнкү референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарып, Британиянын ЕБдан чыгуусуна байланыштуу экинчи ирет добуш берүүнү талап кылууда. Дагы бир петицияны Лондондун шаар башчысы Садик Хан демилгеледи. Ал боюнча баш калааны Британиядан бөлүп, көз карандысыз деп жарыялап, Европа биримдигине кошуу талабы коюлду. (BCh)

XS
SM
MD
LG