Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

"Евро-2016": чейрек финалда ойной турган алгачкы курамалар аныкталды


Хорватия менен Португалиянын беттеши
Хорватия менен Португалиянын беттеши

Кечээ кечинде Францияда болгон оюндардын жыйынтыгында Уэльс, Польша жана Португалия Евро-2016 оюнунда чейрек финалга чыгышты.

Польшанын курама командасы Швейцариянын командасын утуп алды. Хорватия менен Португалия негизги оюнда тең чыгып, кошумча берилген убакытта Португалиянын оюнчусу атаандашынын дарбазасына бир гол киргизди.

Уэльс менен Түндүк Ирландиянын оюнунда Уэльс курама командасы атаандашын 1:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалга чыгуу үчүн беттештер 26-27-июнда уланат.

XS
SM
MD
LG