Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:20

Орусияда тажикстандык үй-бүлө сууга чөктү


Тула облусунда орус жарандыгын алган, теги тажикстандык беш адам сууга чөгүп, мерт болушту. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Тажикстандын миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкен.

Кырсык жума күнү, 24-июнда Бегичевский айылында болгон.

Сууга бир үй-бүлөдөн - аял-күйөөсү Гавхар Шоева, Бахт Махмадбеков жана алардын 15, 11 жаштардагы кыз-уулу, ошондой эле 15теги тууганы чөккөнү такталды.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, алар козу карын тергени чыгышкан. Кайтып келатканда автоунаасы токойдо тыгылып калган. Аны ылайдан чыгарышкан соң, жуунуп алганы жакынкы дайрага келишкен.

Алгач эки өспүрүм бала, аларды куткарууга шашкан чоңдор чөгүшкөн.

Үй-бүлөнүн үчүнчү баласы тирүү калып, адамдарды жардамга чакырган. Куткаруучулар суудан беш кишинин жансыз денесин табышкан.

Алардын баары Орусия жарандыгын алышканы, теги Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунан экени аныкталды.

Кырсыкты Орусиянын Тергөө комитети иликтей баштады. (YI)

XS
SM
MD
LG