Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Соттолуучулардын адвокаты келбегендиктен Апрель соту 20-июлга калды


Апрель соту. Март-2016
Апрель соту. Март-2016

Апрель окуясы боюнча соттолуучулардын адвокаты келбегенине байланыштуу Жогорку Сотто бүгүнкүгө пландалган отурум болгон жок. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Токтошеванын айтымында, кийинки отурум 20-июлга белгиленди.

Мыйзам боюнча өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондордун иши каралганда алардын адвокаттары сөзсүз катышуусу керек. Бүгүнкү отурумга мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов жана экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун жактоочулары келген жок.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашкан. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жана анын тегерегиндеги айрым аткаминерлер өлкөдөн чыгып кеткен.

Ошол күнү бийликке каршы чыккан митингчилердин 90го жакыны окко учкан. Бул үчүн мурдагы бийлик башындагылар, айрым күч кызматкерлери соттолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG