Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Түркия атып түшүрүлгөн орустардын СУ-24 учагы үчүн компенсация төлөөгө даяр


Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин
Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин

"Эгер талап кылынса" Түркия мурунку жылдын ноябрь айында атылып түшүрүлгөн орусиялык СУ-24 аскер учагы үчүн компенсация төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу TRT телеканалына Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым билдирди.

"Эки өлкө тең алакалардын калыбына келүүсүн каалайт. Менимче иш оңунан чыгат", - деди түркиялык премьер. Ал ошондой эле 29- же 30-инда Түркия менен Орусиянын президенттери телефон аркылуу эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу тууралуу сүйлөшө тургандыгын айтты.

Мындан бир күн мурун түрк президенти Эрдоган Путинге кат жолдоп, анда орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтканы кабарланган.

Түркия орустардын Су-24 аскер учагын "өлкөнүн аба мейкиндигин бузду, эскертүүнү уккан жок" деп, өткөн жылдын ноябрында атып түшүргөн. Орусия буга нааразылык билдирип, эки өлкөнүн мамилеси кескин сууган.

Эки өлкөнүн алакаларын жакшыртуу үчүн түрк тарап жогорку деңгээлде кечирим сурашын, чыгымдарды кайтарып берүүсүн жана күнөөлүүлөрдүн жазаланышын орус тарап шарт кылган. Анкара расми түрдө көңүл айтканы менен, кечирим суроодон баш тартып келген.

XS
SM
MD
LG