Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Референдум мыйзамы комитетте биринчи окууда жактырылды


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети бүгүн «Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуулады.

Парламенттен кабарлашкандай, долбоор тууралуу демилгечилердин бири, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев маалымат берди. Депутаттын айтуусунда, референдумга коюлуучу маселеге "макул" жана "каршы" үгүттөгөн топтордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу каралууда. Референдум өткөрүүнү демилгелеген субъектилердин тизмесин, кол топтоо жана алардын тактыгын текшерүү, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу тартибин аныктоо сунушталууда. Ошондой эле өлүм жазасын киргизүү, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сыяктуу демилгелер да коюлушу ыктымал экени айтылган.

Натыйжада мыйзам долбоору колдоо тапты.

Аны депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Тынчтык Шайназаров, Алманбет Шыкмаматов иштеп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG