Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Кыргыз-тажик чегинде 7 баллга жеткен жер титирөө болду


Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактарда 29-июндун түнүндө күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Анын очогу Алай тоо кыркаларында болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Түнкү саат үч жарымдардагы силкинүүнүн күчү Ош облусунун Бор-Дөбө айылында 7 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кара-Киндик айылдарында 6 балл, Нура, Эркештам айылдарында 5-6 баллга жеткен. Алдын ала алынган маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок. Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин ыкчам тобу аймакка жөнөп кеттти.

Маалыматка караганда, акыркы үч күн ичинде Кыргызстанда 35 жолу жер силкинди. Негизинен, жер титирөөлөр кыргыз-тажик, кыргыз-кытай чек араларында болууда. (NT)

XS
SM
MD
LG