Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Жалал-Абад казысы улуттук баалуулуктарды сыйлоого чакырды


Жалал-Абад шаарындагы дин темасындагы жыйын, 29-июнь, 2016-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы дин темасындагы жыйын, 29-июнь, 2016-жыл.

Бүгүн Жалал-Абад шаарында “Орозо айынын баалуулуктары” деп аталган дин темасында эркин баарлашуу жыйыны өттү. Анда диний ишмерлер, мечит-медресе кызматкерлери, эксперттер, укук коргоо органдарынын, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттерден 400дөй адам катышты. Жыйындын башында салттуу динди жайылтып-таркатууга арналган даректүү видеотасмалар көрсөтүлдү.

Облустук казы Абдулазиз Закиров жыйында салттуу динге байланышкан маселелерге токтолду. Ал бети-башын толук чүмкөгөн же этек-жеңи узун кийим кийүү, сакалын эртелеп эркин кое берүү улуттук каада-салтка жатпай турганын, бул башка мусулман өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш болорун, андай кийим кийгендер мусулман экенин далилдейт деген түшүнүк жаңылыштыгын, кыргыздардын динге туура келген өзүнүн улуттук кийимдери, жүрүм-туруму бар экенин түшүндүрдү. Дин жолунда жүргөндөрдү башка улуттарды туурабоого, улуттук, мамлекеттик баалуулуктарды сыйлоого чакырды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул иш-чара облустук казыят, милиция, прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактагы бөлүмү менен биргеликте уюштурулду.

Май айынын этегинде Ошто “Аялдардын ислам тарыхындагы орду” деген темадагы жыйында хижабчан, көзүнөн башка жеринин баарын чүмкөп алган кыздар коомчулукта кызуу талкууга кабылган. Андан мурдараак Жалал-Абаддын шаарында дин темасына арналган жыйында медреседе окуган айрым кыздар мамлекеттик гимн ырдалып жатканда Куранда жазылган эмес деген жүйө менен ордунан турбай койгону талаш жараткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG