Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

Эрдоган менен Путин телефондон сүйлөштү


Режеп Эрдоган жана Владимир Путин.
Режеп Эрдоган жана Владимир Путин.

Түркия президентинин кеңсеси билдиргендей, телефон сүйлөшүүсүндө Режеп Эрдоган менен Владимир Путин эки тараптуу алаканы кайра жандандырууну жана терроризмге каршы күрөштө чечкиндүү болуу ниеттерин билдиришти.

Телефон сүйлөшүүсүндө тараптар ошондой эле көзмө-көз жолугууну да макулдашты.

Түркия жана Орусия президенттеринин телефон сүйлөшүүсү Эрдоган ушул дүйшөмбү күнү Путиндин дарегине былтыр орусиялык учактын алар тарабынан атып түшүрүлүүсүнө өкүнүч билдирген кат жолдогондон кийин болуп олтурат.

Былтыр ноябрдагы окуя эки өлкөнүн алака-катышын бузуп, Орусия Түркияга каршы экономикалык санкцияларды да киргизген эле.

Москва Анкарадан учактын атып түшүрүлүүсү үчүн расмий кечирим суралышын да талап кылып келген.(UE)

XS
SM
MD
LG