Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Казакстанда исламчы согушкер деп шектелгендердин бири өзүн жардырган


Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында радикал исламчылар деп шектелгендер беш тургунду жана коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлүн мерт кылышкан эле.
Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында радикал исламчылар деп шектелгендер беш тургунду жана коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлүн мерт кылышкан эле.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети бүгүн билдиргендей, радикал исламчы деп шектелген адам коопсуздук күчтөрү аны кармоого аракеттенген кезде өзүн жардырып жиберген.

Окуя 26-июнь күнү Караганда шаарындагы атайын операция учурунда болгон.

Анда коопсуздук күчтөрү радикал исламчылардын тобун кармаган, бирок канча адам кармалганы айтылган жок.

Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында радикал исламчылар деп шектелгендер беш тургунду жана коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлүн мерт кылышкан эле.

Казак бийликтери бул окуядан кийин кол салгандардын 18ин өлтүрүп, жетөөн кармадык деп ырасташкан. (UE)

XS
SM
MD
LG