Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Жеңиш Разаков вице-премьер-министр болуп дайындалды


Жеңиш Разаков
Жеңиш Разаков

Жеңиш Разаковду чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 29-июнда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Милициянын полковниги, 49 жаштагы Разаков буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү кызматын аркалаган. Аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелерин тейлей турган вицелик кызматка сунуштаган.

Өткөн аптада Жогорку Кеӊеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган. Анда өкмөт башчыга өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган вице-премьер-министрлик кызмат ордун ачуу сунушу берилген эле. Жеңиш Разаковдон тышкары президенттин жарлыгы менен Турдуназир Бекбоев айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри, Замирбек Айдаров транспорт жана жолдор министри, Дүйшөнбек Зилалиев мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы, Бакыт Шаршенбиев мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына дайындалды. (NT)

XS
SM
MD
LG