Бүгүн Бишкекте Медициналык академиянын ректорун шайлоо өтүүдө. Шайлоо улуттук филармониянын имаратында уюштурулганын, ректорлук кызматка 7 талапкер ат салышып жатканын "Азаттыкка" окуу жайдан кабарлашты.
Буга чейинки жетекчи Ашыралы Зурдинов май айында өз арызы менен иштен кеткен. (RK)