Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

"Кумтөр" боюнча кылмыш үчүн жоопко тартуу мыйзам долбоору талкууга коюлду


"Кумтөр" долбооруна байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Демилгечи депутаттар - Р. Момбеков, И. Өмүркулов, Д. Жумабеков, Т. Зулпукаров, А. Нурбаев, И. Кадыркулов, И. Маннанов, М. Аманкулов, Д. Аттокуров, М. Сабиров, Т. Конушбаев, Д. Төлөнов, Т. Масабиров, А. Шыкмаматов, Ө.Текебаев, Ө. Бабанов, Б. Сыдыков.

Кумтөр кенин иштетүүдө кылмыш жасап, республикага зыян келтиргендерди кылмыш жообуна тартуу каралууда.

Ысык-Көлдөгү Кумтөр алтын кенин кыргыз өкмөтү канадалык "Центерра" компаниясы менен бирге иштетет. Жакында буга чейин кабыл алынган келишимдердин мыйзамдуулугун жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тапшырмасы берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG