Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Атамбаев: Күч органдары карапайым элге тийишпей, ууру чиновниктерди иликтесин


Келерки аптада Кыргызстандын күч түзүмдөрүндөгү реформанын жүрүшү талкууланат. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууда айтты.

Президенттин белгилешинче, "орган кызматкерлери карапайым элге тийишпей, ууру аткаминерлерди иликтеши керек".

Ошондой эле мамлекет башчы аткаминерлер арасындагы коррупцияны сындап, "ууру министр болгуча, пол жууп иштеген артык" деген оюн билдирди.

Быйыл орто мектепти мыкты аяктаган 66 бүтүрүүчүгө бүгүн Алмазбек Атамбаев "Алтын сертификат" жана 10 миң сомдон сыйлык тапшырды.

Президенттин белгилешинче, жыл сайын Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин 20% билим тармагына жумшалат.

"Алтын сертификаттын" ээси Кыргызстандагы өзү каалаган жогорку окуу жайына экзаменсиз өтүү укугун алат. (AiA/RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG