Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:12

Атамбаев: Медициналык жардамдын сапатын арттырууга өзгөчө көңүл бурулууда


Kyrgyzstan, eyes doctors from Israel
Kyrgyzstan, eyes doctors from Israel

Элдин саламаттыгын сактоо мамлекеттик саясаттын эң негизги артыкчылыктарынын бири. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бүгүн жолдогон куттуктоосунда айтылат.

"Мамлекет калктын бардык катмарларынын жашаган жерине жана материалдык мүмкүнчүлүгүнө карабастан медициналык жардамдан пайдалануусун камсыз кылуу үчүн чоң күч-аракет жумшоодо. Жаңы клиникалардын жана медициналык борборлордун курулушу башталды, алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болот" деди өлкө башчы.

Ошону менен катар Атамбаев "медициналык жардамдын сапатын арттырууга, дартты аныктоонун жана дарылоонун жогорку технологиялык ыкмаларын киргизүүгө, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда" деди. (RK)

XS
SM
MD
LG