Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Сочиде Орусия жана Түркия тышкы иштер министрлери жолугушту


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров түрк дипломатиясынын башчысы Мевлют Чавушоглу менен Сочиде жолугушту. Түркиялык министр эки өлкө Сирия кризисин саясий жол менен жөнгө салуу үчүн чогуу аракеттенүүсү тийиш деп белгиледи. РИА-Новости агенттиги кабарлагандай, Чавушоглу Анкара «Ислам мамлекети» радикал уюмуна каршы түздөн-түз күрөшүп жаткандыктан, өлкө террорчулардын бутасына айланганын баса белгиледи.

Кездешүүдөн кийин Лавров тараптар терроризмге каршы кызматташууну жана аскердик тармактагы байланыштарды калыбына келтирүүнү макулдашканын айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы байланыштар өткөн жылдын ноябрында Түркия орусиялык согуштук учакты атып түшүргөндөн кийин үзүлгөн. 27-июнда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган президент Владимир Путинге жолдогон катында учкучтун каза болушуна байланыштуу өкүнүчүн билдирген. Эки күндөн кийин президенттер ноябрдагы окуядан кийин биринчи жолу телефондон сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG