Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Терактка байланыштуу Түркияда ондогон адамдар суракка алынды


28-июнда Стамбулдагы жардырууда 44 киши набыт болуп, 230дан ашууну жараат алган. Жарадарлардын 22си азыр оор абалда. Түркиянын тартип коргоо органдары Ататүрк эл аралык аэропортуна кол салган үч террорчунун экөөнүн тек-жайын аныктады.

Алар Раким Булгаров жана Вадим Османов аттуу Орусия жарандары болуп чыкты. Үчүнчү жанкечтинин тек-жайын жана жарандыгын аныктоо иши жүрүүдө. Буга чейин Түркиянын маалымат каражаттары коопсуздук органдарындагы атын атабаган булакка шилтеме менен чабуул койгондор Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан жарандары болчу деп кабарлашкан.

Бирок Түркия бийликтери муну расмий бышыктаган эмес. Ал эми эл аралык маалымат каражаттары терактты Орусиянын жараны, чеченстандык Ахмед Хатаев уюштурганын жазышкан. Ал «Ислам мамлекети» радикал уюмунун жогорку даражалуу мүчөсү болуп эсептелет. Бирок бул маалымат да расмий ырастала элек. Стамбул аэропортундагы жардыруудан улам эми КМШ өлкөлөрүнөн келгендерге көзөмөл күч алары айтылууда. (EIB/AzK)

XS
SM
MD
LG