Кайгуул-күзөт кызматынан маалымдашкандай, Жибек Жолу, Абдырахманов, Гоголь көчөлөрү жана Чүй проспектинин Жеңиш аянтын айланта курчаган чарчысы 5-июлда саат 7:30дан 8:30га чейин автоунаалар үчүн жабык болот. Айт намазы саат 7:30да башталат.
Орозо айт намазы быйыл Жеңиш аянтында окулат. Буга Эски аянтта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы себеп.(ZKo)