Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Орус-кыргыз фонду тууралуу мыйзамга кол коюлду


Орус-кыргыз фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов.
Орус-кыргыз фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов.

Президент Алмазбек Атамбаев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргызстандын аймагында болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан быйыл 25-майда кабыл алынган.

Эки тараптуу макулдашуунун максаты Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердиги үчүн Кыргызстанда жагымдуу шарт түзүү, фонд кызматкерлеринин Кыргызстандагы макамын, артыкчылыктарын жана кол тийбестиктерин аныктоо болуп саналат.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандын экономикасын жаңыртуу жана өнүктүрүү максатында 2014-жылы ноябрда негизделген. Фонддун жалпы кору - 1 миллиард доллар.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG