Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

“Брексит” лидерлеринин бири отставкага кетти


Лондондогу нааразылык жыйындар.
Лондондогу нааразылык жыйындар.

“Брекситтин” активдүү лидерлеринин бири Найжел Фараж “Улуу Британиянын көз карандасыздыгы үчүн” партиясынын төрагалыгы кызматынан кетти. Ал муну “өз максатына жетүү” үчүн жасаганын Лондондо өткөн маалымат жыйынында айтты.

-Европа биримдигинен чыгуу боюнча референдумда жеңишке жетишүү – менин саясий дымагымдын далили,- деп билдирди Фараж Британия менен Европа парламентинини ортосундагы сүйлөшүүлөргө дыкат көз салып турарын кошумчалады.

Өткөн аптада Фараждын тарапташтарынын бири, Европа биримдигинен чыгууну колдогон Лондондун мурунку мэри Борис Жонсон өкмөт башчылык кызмат үчүн күрөштөн баш тарткан эле.

Мурдагы премьер-министр Девид Кэмерон британиялыктар референдумда Европа биримдигинен чыгуу чечимин кабыл алгандыктан, отставкага кетерин жарыялаган. Ал кызмат ордун сентябрдын этегинде бошотот.

XS
SM
MD
LG