Эртең “Ысык-Көл баарлашуусу II” деген аталышта эки күндүк маданий иш-чара башталып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жүрүп жаткан даярдык жана Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө жаатында пикир алмашуу болот.
7 - 8-июлга белгиленген иш-чара Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөтү айылында жайгашкан «Аврора» пансионатында өтөт. Уюштуруучулар бул жыйын Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулуп жатканын билдиришти.
Талкууга Президенттик аппараттын, Улуттук жазуучулар союзунун, “Бакдөөлөт” жана “Мурас” фондунун өкүлдөрү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгында иштегендер, тарыхчылар жана облус жетекчилиги катышат. (AsM)