Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

ЕККУ Крымда адам укуктары бузулганы жөнүндө резолюция кабыл алды


Украина, Орусия аннексиялап алган Крым.
Украина, Орусия аннексиялап алган Крым.

Тбилисиде өтүп жаткан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясынын 25-сессиясынын акыркы күнүндө делегаттар “Тбилиси декларациясын” кабыл алышты. Анын бир бөлүгүн “Крымда адам укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу жана крым-татар калкынын укуктарынын тебелениши жөнүндө” резолюциясы түзөт.

“Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, украиналык депутаттар Москва эл аралык укуктарды одоно бузуп, Донбасста жикчилдердин шайлоосун өткөрүү менен “аннексияны мыйзамдаштырып алууга камынып жатканын” белгилешти. Украин депутаты Игорь Попов басым көрсөтүү катары Орусияга киргизилген санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

Буга жооп иретинде Мамлекеттик Думанын депутаты Людмила Козлова Украинада гана эмес, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү дагы “сырттан кийлигишүү” болгондуктан көйгөйлөр жаралып жатканын айтты. Ал эми “Крымды Орусия жарым аралдагы калктын каалоосуна таянып кошуп алганын” билдирди.

Кечээ орус делегациясы бул документти талкуулоодон баш тартып, ЕККУнун туруктуу комитетинин отурумунан чыгып кеткен. Резолюцияны делегациялардын көбү колдоду.

XS
SM
MD
LG