Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Ислам аалымдары Сауд Арабиядагы террордук чабуулдарды сындашууда


Мединадагы жарылуу. 4-июль, 2016-жыл.
Мединадагы жарылуу. 4-июль, 2016-жыл.

4-июлда Медина шаарындагы Мухаммед пайгамбар курдурган мечиттин жанында уюштурулган жардыруудан 4 адам мерт кетип, 10го жакын киши жараланган. Ошол эле күнү өлкөнүн үч аймагында бомба жардырылган.

Сауд Арабиянын Уламалар кеңеши “жанкечтилер бардык ыйык нерселерди тебелеп салышты” деп билдирүү жасашты. Ислам дүйнөсүнүн эң абройлуу университети саналган Каирдеги Ал-Азхар окуу жайынынын аалымдары “Пайгамбардын мечити ыйык экенин” эскертишти.

Иран тышкы иштер министри Мухаммед Зариф “Эгер биз бирикпесек, сунниттер жана шииnтер кара ниеттердин курмандыгы боло берет” деп билдирди.

Сауд Арабиядагы кол салууларга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Бирок бийлик аны “Ислам мамлекети” террордук тобу жасаганын боолгоп жатат. Ички иштер министрлиги жанкечтилердин бири пакистандык 35 жаштагы Абдулла Калзар Хан экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG