Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Меркел: Батыштын ишенимин Орусиянын аракеттери кетирди


Ангела Меркел
Ангела Меркел

Немец канцлери Батыш жана НАТО менен Орусия ортосундагы ишенимдин жоголушуна Москванын аракеттери түрткү бергенин бүгүн немис парламентинде сүйлөгөн учурунда айтты:

- Орусиянын украин кризисиндеги аракеттери биздин чыгыш коңшулардагы чочулоону тереңдетти. Эгер мыйзамдын үстөмдүгү жана чек аралардын бузулгус экендиги тууралуу принцип сөз жана иш менен шайкеш келбесе, НАТОдогу ишеним да жоголот. Өзгөчө мындан биздин чыгыштагы өнөктөштөр абдан кооптонууда. Алар альянс тарабынан так кепилдиктерге муктаж.

Канцлер Ангела Меркел бул сөздөрдү НАТО саммитинин жуп алдында айтты. Бирок, ал Батыш Орусия менен диалогду кармоосу керектигин да кошумчалады.

НАТОнун кезектеги саммити эртең Варшавада башталууда. Анын артынан НАТО менен Орусия 13-июлда Брюсселде жаңы сүйлөшүү өткөрүүнү да макулдашты.

Буга чейин НАТО – Орусия кеңешинин апрелдеги акыркы эки жылкы тыныгуудан кийинки алгачкы жыйыны “Украина жана башка бир катар маселелер боюнча терең пикир-келишпестиктер” менен аяктаган. (UE)

XS
SM
MD
LG