Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Путин талаштуу антитеррор мыйзамына кол койду


Бул багытта Орусиянын мыйзамдарына киргизилген жаңы өзгөртүүлөр массалык башалмандыктарга катышууга “ыктагандарды”, бийликтер кылмыш деп эсептеген учурларды көрүп, бирок күч түзүмдөрүнө маалымат бербей койгондорду да жазалоону карайт.

Мындан сырткары жаңы мыйзам бийликтин байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, байланыш операторлорун өз кардарларынын телефон сүйлөшүүлөрүн, СМС жиберүүлөрүн жазып, алты айга чейин сактоого милдеттендирет.

Байланыш операторлору эми аларга жаңы милдеттер жүктөлүп жаткандыктан, мобилдик телефон кызматынын акысы кымбаттай тургандыгын айтышууда.

“Яровой-Озеровдун пакети” деп аталган документке каршы чыккандар либерал активисттер менен адам укугун коргоочулар ал терроризмге каршы күрөшкө көмөктөшпөстөн, тескерисинче, “жарандардын укуктары менен эркиндиктерин” олуттуу түрдө чектерин белгилешкен.

Талаштуу мыйзам Орусия Думасынын депутаты Ирина Яровой менен Федерация кеңешинин мүчөсү Владимир Озеровдун атынан сунуш кылынган.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковдун айтымында, президент Путин мыйзам кандай аткарылып жатканын көзөмөлдөөнү өкмөткө тапшырды. (UE)

XS
SM
MD
LG