Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Далласта беш полициячы өлтүрүлдү


Даллас.
Даллас.

АКШнын Даллас штатындагы атышуудан беш полициячы набыт кетип, жетөө жарадар болушту. CNN каналы маалымдагандай, коопсуздук кызматкерлерин көздөй эки көзгө атар ок чыгарып, качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Далластын Полиция департаменти шектүүлөрдүн биринин сүрөтүн жарыялады. СNN каналы кийин бул адам өз ыктыяры менен полиция бекетине келгенин билдирди. Ал эми Associated Press агенттиги шектүүлөрдүн дагы бири каршылык көрсөткөнүнө карабастан, колго түшүрүлгөнүн маалымдады.

Июль айынан башында полиция эки афроамерикалык Алтон Стерлинг менен Филандо Кастайлды атып салышкандан кийин Далласта жана АКШнын башка шаарларында нааразылык акциялары башталган. Алардын бири Луизианодо, экинчиси Филандо Миннесотто кармоо операциянын маалында жок кылынган.

Өткөн жылы Миссури штатынын Фергюссон шаарында, 18 жаштагы ынды кара Майкл Браун полициянын огунан көз жумган соң башаламандык башталып, бийлик өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG